“Түнкү авария» тасмасы эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды

2049

Режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү авария» деп аталган көркөм тасмасы Эстонияда өткөн «Таллиндин караңгы түндөрү» эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары кабарлашты.

Бул фестивалда баш байге үчүн 18 кинотасма ат салышкан. Темир Бирназаровдун “Түнкү авария” фильминде түн ортосунда жол кырсыгында жараат алган кызга жардам көрсөтүп жана кам көрүп жатып ага ашык болуп калган улгайган адамдын тагдыры жөнүндө баяндалат.

Белгилей кетсек, «Таллиндин караңгы түндөрү» эл аралык кинофестивалы 1997-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал дүйнөдөгү эң абройлуу фестивалдардын катарына кирет. Быйыл башкы сыйлыкка ээ болгон тасма 10 миң евро менен сыйланганы да белгилүү болду.