«Түнкү карышкырлар» Бишкекте (видео)

2255

Жеңиш жүрүшү! Россиялык байкерлер дал ушундай аталыштагы мото жүрүштүн алкагында Бишкекке келишти. Бул иш-чара бир нече тарыхый окуяларга: Гитлерге каршы коалициянын 1943-жылы Тегеранда өткөн конференциясына жана Жеңиш күнүнө арналган. Ага Россиядагы мотоциклисттер коомунун 3 өкүлү катышып жатат. «Ночные волки» уюумунун мотоциклчилери келген ар бир мамлекетте согуш ардагерлери менен жолугушуу өтүүдө. Ошондой эле, байкерлер балдарга согуш жана тарых тууралуу баяндап берип жатышат. Россиялык байкерлер Бишкектин борбордук көчөлөрүн кыдырышып, эртең Ошко сапар тартканы жатышат.