Түнкү саат 24:00дөн тарта шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү» башталат

792

Бүгүн түнкү саат 24:00дөн тарта шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү» башталат. Бул тууралуу эскерткен Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, эртең талапкерлердин үгүт иштери токтотулушу керек.

Мындан тышкары Боршайкомдон каттоодон өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмаларында үгүт материалдарын таратууга, жарыялоого тыюу салынат.