Турак-жай кооперативине алдангандар күндөн күнгө көбөйүүдө (видео)

8152

“Акүй кейджи» турак-жай кооперативинин жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын маалыматына караганда, ал жеке тараптан ири суммада акча алып, андан кийин дайынын таптырбай кеткен. Ал арада, аталган турак-жай кооперативине акча салып, же үйдөн жок, же каражаттан жок болуп жүргөндөр укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышты.

Кечээ болсо Ош шаарынын тургундарына үй алып берүүнү убадалап, бирок аны аткарбай жүргөнү үчүн «S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев камакка алынган эле. Анын уюмуна алданып калдык дегендер Ички иштер министрлигине келишти.