Турак жай менен унаа салыгын сентябрга чейин төлөбөгөндөр айыпка жыгылат

621

Транспорт, үй жана жер салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт. Бул алымдарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин башталат. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, салыкты төлөбөй жүрө бергендер бул суммадан сырткары бир нече миң сомго чейинки айыпка жыгыларын да айтышты. Тагыраагы, жеке тараптар 1000 сом, ал эми юридикалык жактар 5000 сом айып пул төлөйт. Мындан сырткары, создуктурган ар бир күн үчүн туум да каралган.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрга чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак-үй, батир жана жер салыгын төлөө зарыл. Буга байланыштуу салыкчылар эс алуу жана майрам күндөрү да иштей турган болду. Мындай жумуш режими унаа жана кыймылсыз мүлккө милдеттүү төлөмдөрдү берүү мөөнөтү соңуна чыгып бара жатканына байланыштуу киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.