Турат Сагындыков: Мамкаттоо кызматында 28 паракорлук фактысы катталган

1225

Былтыр коррупциялык фактылар катталган мамлекеттик органдар арасында Мамлекеттик каттоо кызматы биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу парламенттин «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары Турат Сагындыков билдирди.

Анын айтымында, бул мекемеде 28 паракорлук фактысы катталган. Кийинки орунда болсо — энергетика тармагы болуп, анда коррупциялык 16 факты болгон. Ошондой эле, Салык кызматында 3 учур катталса, бажыда 2 факты ачыкталган.

Мамлекеттик органдарда экономикалык кылмыштар боюнча жалпысынан 309 кылмыш иши ачылган. Алардын басымдуу көпчүлүгү «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» болсо, 28 кылмыш иши «пара алуу» беренеси боюнча ачылган. 72 кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген.

Бул иштер боюнча келтирилген чыгым 272 миллион сомду түзгөн.