Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы (видео)

7871

Өлкөнү башкарган аралыкта республикада «өнүгүүнүн кереметин» жараткан Турдакун Усубалиев. Мамлекеттик жана коомдук ишмердин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болду.

Анда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Турдакун Усубалиев Кыргызстанды агрардык-индустриялык өлкөгө айланта алганын» айтты. Ал башкарган жылдар Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып, алтын доор деп аталып калган. Турдакун Усубалиев Кыргызстанды ар түрдүү кооптуу долбоорлорду ишке ашыруу аракеттеринен сактап калган.