Туристтерге кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» өзүнө алды

824

«Ислам мамлекети» террористтик уюму Тажикстандагы туристтерге кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө алды. Бул тууралуу экстремисттердин маалыматтык активдүүлүгүнө байкоо жүргүзгөн агенттик билдирди. Кылмышка баргандар «Ислам мамлекети» террористтик уюмунун мүчөлөрү деп топтун өкүлдөрү билдиргени маалым болду.

Эскерте кетсек, 29-июль күнү Хатлон облусунун Дангар районунда, велосипед тээп бараткан жети чет элдик туристти унаа коюп кеткен. Андан кийин айдоочу кайра бурулуп келип, жерге жыгылган адамдарды тебелей баштаган. Унаадан чыккан кишилер жабыркагандарга курал, бычак жана балта менен кол салган. Андан соң окуя болгон жерден изин суутуп кетишкен.

Туристтер АКШ, Нидерланд, Франция, Швейцария жана Германиянын жарандары. Натыйжада төрт киши каза таап, экөө катуу жаракат алганы айтылды. Мындан улам укук коргоо органдары бул кырсыкты алдын ала уюштурулган кылмыш деп атап, издөө иштерин жарыялаган. Натыйжада бул кылмышка шектүүлөрдүн бешөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, үчөө камакка алынган.

Ал эми Таджкистандын ички иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, бул киши өлтүрүү «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөлөрүнүн буюртмасы менен аткарылган, кылмышка шектүүлөр болсо, окуядан кийин ушул уюмга кошулууну ниет кылышкан.