Туристтик фонд түзүлдү. Эми туристтер көбөйөбү? (видео)

3697

Жайкы туристтик мезгилдин башталышына 1,5 ай калды. Ал эми эки жума мурда түзүлгөн “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” али ишин баштай элек. Учурда мекеменин директору гана дайындалган.

Уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн мекеме аймактарда мейманканаларды жакшыртуу, чет элдик эс алуучуларды чакыра турган ар кандай долбоорлорду уюштуруу менен тармакты өнүктүрүүгө жардам берери айтылган болчу. Фонд саякатчыларды көбүрөөк тартып, аларды тейлөөнүн сапатын жакшырта алабы?