Туристтик милиция сууга чөгүп бара жаткан жигитти куткарып калды

782

Каракол шаарынын четиндеги көл жээгинде эс алып жаткандардын бири чөгүп баратканын байкаган туристтик милициянын кызматкерлери дароо сууга секирип, жаш жигитти куткарып калышты. Окуя Каракол шаарынан анча алыс эмес Пристань шаарчасындагы көл жээгинде болгон.

Маалыматтарга караганда, жабыркоочу пристен туура эмес секирип алып, суудан чыга албай калган. Бул убакта анын жанындагылар жардам сурап чакырышкан. 3 туристтик милициянын бири Абдубахитов дароо сууга секирип, аны алып чыгууга үлгүргөн. Жабыркоочуну суудан чыгаргандан кийин ага туристтик милиция биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Андан соң аны аймактык ооруканага алып барышкан.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө быйыл жайкы эс алуу мезгилинде чет мамлекеттерден келген эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында туристтик милиция кызматкерлери тартылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.