«Туристтик милиция» түзүмүнүн бет ачары болду (видео)

939

Бишкекте эс алуучулардын укугун коргогон кызматкерлер иштей баштады. Эски аянтта «Туристтик милиция» долбоорунун бет ачары болду. Жаңы бөлүм эки взводдон турат. Жалпысынан 60 кызматкер иштейт, азыр бардык сынактардан 20 адам өткөн. Негизги талап — туристтик милиционер жогорку билимдүү болуп, чет тилди жакшы билиши керек.

Тандалып алынгандардын арасында англис тилинен тышкары түрк, италия, француз тилдерин билгендер бар. Туристтик милиционерлердин өзүнчө формасы болот. Бул долбоор азырынча Бишкек шаарында ишке ашырылууда, келечекте туристтер көп каттаган башка аймактарда да ачылат. Расмий маалымат боюнча, 2017-жылы Кыргызстанга үч миллионго чукул эс алуучу келген.