Түрк бийлиги: Сапаттын мүлкү «Маарифке» өткөрүлүп берилсин! (видео)

670

Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» мектептеринин имараттары жана мүлкү Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, Сапаттын мектептери түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулган, андыктан ал имараттар «Маарифке» өткөрүлүп берилиши шарт.

Эске салсак, 1-сентябрда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга 2 күндүк расмий сапары болуп, анын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосунда 12 документке кол коюлган. Анда “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандум да бар.