Түрк элчилиги кезек күткөндөргө жооп берди (видео)

1018

Түркияга иштегени кеткен кыргызстандыктардын саны кескин көбөйдү. Акыркы күндөрү аталган өлкөнүн элчилигинин алдында виза алыш үчүн күнү-түнү кезек күткөндөр арбып жатканы байкалууда. Мунун себебин Миграция кызматы Түркияда быйыл маянанын бир аз жогорулаганы менен түшүндүрдү. Ал эми элчиликтин билдирүүсүнө караганда, расмий Анкара менен Москванын мамилеси жакшырып, туристтердин агымы көбөйгөндүктөн орус жана түрк тилдерин билген кыргызстандыктарга суроо талап жогорулаган. Расмий маалыматтарга караганда, жылына Кыргызстандан Стамбулга 14 миңдей жаран жумуш издеп барат. Бирок алардын эки миңдейи гана легалдуу түрдө иштейт.