Түрк элчиси: «Себатка» альтернатива катары башка лицей сунуш кылабыз

1042

Түркия «Сапат» билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда башка окуу мектептерин киргизүүнү каалайт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат «Азаттык» менен болгон эксклюзивдүү маегинде билдирди.

Элчи бул боюнча кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизилгенин белгиледи:

— «Себат» же азыр «Сапат» деп аталган мектептер боюнча талаптарыбызды кыргыз тарапка бердик. Бул боюнча кыргыз тарап кандай чечим кабыл аларын учурда күтүп жатабыз. Ошол эле учурда биз кыргызстандыктардын билим берүү тармагындагы талабын эске алуу менен «Маариф» аттуу фонд жөнүндө маалымат берип жатабыз. Бул фонддун камкорчулар кеңешинин төрагасы — Түркиянын билим берүү министри. Башкача айтканда, мекеме мамлекеттик. Дал ушул фонд келип, Кыргызстанда мектептерди ачсын деп сунуш кылып атабыз. Бул боюнча чечимдер эми кабыл алынат. Быйыл сентябрь айында биздин президент Бишкекке келет. Мына ошондо айрым маселелер чечилиши мүмкүн, — деди Фырат.

Түрк элчисинин айтымында, «Маариф» фонду Кыргызстанда мектеп ачса, «Сапатка» караганда мугалимдерге көп маяна төлөп, окуучуларды аларга караганда арзаныраак окутат.

Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка каршы кескин жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. «Себат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал «Сапат» болуп өзгөргөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрель айында Түркияга расмий сапар менен барганда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандагы «Сапат» лицейлерин жабуу керек экенин ишарат кылган. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков анда «гүленчилер» тууралуу үн каткан эмес.