Түрк президенти кортежин токтотуп, кыргызстандыктар менен учурашты

645

Бул жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мелдешке катышкан өлкөлөрдүн көптүгү менен гана эмес, бир нече мамлекеттин президенттеринин катышуусунда өткөнү менен да өзгөчөлөндү.

Ардактуу конок катары чакырылгандардын ичинен Казакстан лидери Нурсултан Назарбаев, Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган, Татарстан өлкө башчысы Рустам Миннханов, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан жана Бириккен Араб Эмираттарынын Фуджейра эмиратынын канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине күбө болушту.

Алардын ичинен биринчилерден болуп Бишкекке келген Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоганды кыргызстандыктар жылуу тосуп алышты. Түрк лидери Бишкекте ал тургай кортежин токтотуп, аны күтүп турган кыргызстандыктар менен учурушканга да жетишти.