Түрк тилдүү өлкөлөрдө 2018-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланды

3085

Түрк маданиятынын эл аралык уюму 2018-жылды «Чыңгыз Айтматовдун жылы» деп жарыялады. Мындай чечим ТҮРКСОЙдун Казакстандын Түркстан калаасында өткөн 35-жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, 2018-жыл ичинде бул уюмга кирген өлкөлөрдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Түрк маданиятынын эл аралык уюму 1993-жылы түзүлүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Түркмөнстан кирген. Уюмдун негизги максаты — түрк элинин жалпы материалдык жана маданий эстеликтерин сактоо, өнүктүрүү жана келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн бирикмеге кирген тууган элдердин кызматташтыгын бекемдөө.

Кийинки жылы Түрксой өзүнүн 25 жылдык маарекесин белгилейт.