Түркия ФЕТО уюмуна мүчө делген кыргызстандыктарды берүүнү талап кылды

978

Режеп Эрдогандын биздин өлкөгө жасаган расмий сапарынын учурунда түрк делегациясы алардын өлкөсүндө террордук деп эсептелген ФЕТО уюмуна тиешеси бар кыргызстандыктардын тизмесин бергени айтылууда. Бул тууралуу Хабертүрк интернет басылмасы өздүк булактарына таянып кабарлады.

Тизмеде 130 адамдын ысымы көрсөтүлгөн. Алар түрк тараптын өзгөчө көңүлүн бурууда. Бирок 13 адам биринчи кезекте каралышы керек экени белгилениптир. Алардын арасында, ФЕТО уюмунун жетекчилери, Борбор Азиянын имамдары да бар экени айтылган. Ал тизмеде расмий Анкаранын «кара тизмесине» киргендердин жашаган жана иштеген жери, бардык маалыматтар көрсөтүлгөн.

Фетхуллах Гүлен башында турган ФЕТО уюмуна тиешеси бар кыргызстандыктардын тизмеси тууралуу Хюрриет гезитинин журналисти Ханде Фырат да түшүндүрмө берип, алардын жашырынып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айткан. Азырынча бул тизмеге кимдер киргени белгисиз.