Түркия: көчмөндөр оюндарында Көк-Бөрү тай казансыз өтө турган болду

1631

Түркияда көчмөндөр оюндарында Көк-Бөрү тай казансыз өтө турган болду. Мындай чечим Эл аралык Көк-Бөрү федерациясынын жыйынында кабыл алынды. Иш-чарада быйыл боло турган көчмөндөр оюндарындагы Көк-Бөрүнүн эрежеси талкууланып, тай казан маселеси талаш жаратты.

Кыргызстан тарап оюн кызыктуу болуш үчүн тай казан менен өткөрүү керектигин баса белгиледи. Бирок бул сунушту башка өлкөлөр колдогон жок. Негизи жүйөө катары мындай оюн кооптуу деп айтылды.

Ошондой эле, былтыр Астанада негизделген дүйнөлүк көкпар ассоциациясы тай казансыз ойноо эрежесин киргизгени болду. Ошентип Түркиядагы көчмөндөр оюндарында Көк-Бөрү казак тарап сунуштап, эл аралык эреже катары киргизген жобо менен өтмөй болду.

Кыргызстандын Көк-Бөрү боюнча федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков бул чечимге нааразы болуп, Эл аралык федерация улуттук спортту өнүктүрүүгө кызыкдар болбой жатканын айтып, өзүнчө бөлүнүүгө убакыт келди деген пикирин билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.