Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү (видео)

4739

Түркия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө акысыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөттү. Өнөктөш өлкө өздүк курамды жана жүк ташуучу Лэнд Ровер 110 үлгүсүндөгү 25 даана машина, аскер жетекчилери отура турган 4 унаа жана сырты темир тор менен капталган, аскерлердин коопсуздугу үчүн ылайыкташтырылган 4 автобус тапшырды.

Мындан тышкары, массалык башаламандыктарга колдонула турган ок өтпөс, соот кийимдер, байланыш каражаттары, курал-жарактар, унаа тетиктери жана башка каражаттар берилди. Улуттук гвардияда өткөн аскердик техника жана жабдыктарды кабыл алуу жана тапшыруу аземине Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган да чакырылды.