Түркия менен Орусия Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча кызматташат

794

Анкара менен Москва Сириядагы жаңжалды саясий жол менен чечүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин менен Сочидеги жолугушуусунан кийин билдирди.

Түркиянын айыл чарба товарларын Орусияга жеткирип жатканына канааттануусун билдирген Эрдоган эки тараптуу соодалашууга киргизилген акыркы чектөөлөрдүн дагы алынышын каалай турганын айтты.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн маалымат жыйынында Путин Орусия менен Түркия «Аккую» АЭСинин алгачкы реакторун 2023-жылга карата ишке киргизүүнү пландап жаткандыгын билдирди. Орус лидери жакында «Росатом» мамлекеттик агенттиги «Аккую» аянтында ишин баштай турганын айтты.

Путин Сочиде Эрдоган менен жолугушуусу алдында эки өлкөнүн алакалары толугу менен калыбына келтирилди деп эсептей берсе болорун билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Путин 2016-жылы Орусия менен Түркиянын ортосундагы товар алмашуу 30 пайызга төмөндөсө, бул жылдын тогуз айында эле 38% өскөнүн айтты. Орус мамлекет башчысы Москва менен Анкара бардык багыттар боюнча, анын ичинде коопсуздук жана Сирия маселеси боюнча да тыгыз кызматташууну улантып жатышканын кошумчалады.

Владимир Путин менен Дональд Трамп Сирия жаңжалы согуштук жол менен чечилбей тургандыгы жөнүндө Вьетнамда биргелешкен билдирүү жасагандан кийин Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен АКШга Сириядагы аскердик контингенттерин чыгарып кетүүнү сунуштаган.

Орусия менен Түркиянын мамилеси 2015-жылы ноябрда, түрк аба күчтөрү Сирия чек арасына жакын жерде орусиялык аскер учагын атып түшүргөндөн кийин кескин начарлап кеткен. Бирок Путин менен Эрдоган алканы кайра жөнгө салуу боюнча кадамдарды жасашып, Иран менен бирге Казакстандын борбору Астанада Сирия боюнча бир канча жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жетишти.