Түркия мугалими Стамбулдан Бишкекке чейин велосипед менен келди

1038

10 жыл дегенде ишке ашкан кыял. Түркиялык дене-тарбия мугалими Мустафа Аксой Стамбулдан Бишкекке чейин велосипед менен келди. Бул тууралуу Daily Sabah жазып чыкты. 35 жаштагы мугалим күнүнө 85 чакырымдай жол арбытып, жалпысынан 6000 километрдей жолду 80 күндө басып өткөн.

Аксой журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, «Мен Бишкекке келдим, себеби бул жер менин ата-бабаларымдын мекени. Аталган сапарга чыгууну 10 жылдай кыялдангам», — деп айткан. Ошондой эле, бул оңой эмес сапарга чыгардын алдында ар бир чакырым жерди алдын ала карап, эсептеп чыккандыгын айтып берген.

Ошентсе да ал «Бишкекке башта пландагандан 100 күндөй эртерээк келгенин билдирген. Агартуучунун кийинки кыялы Ысык-Көлдүн Кара-Кол шаарына барып, ал жактан Хан-Тенгри мөңгүсүнө чыгуу экен. Ошондой эле бул сапары тууралуу китеп жазууга камданып жатыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.