Түркия: ок тийген кыргызстандык кыздын абалы оор

1002

«Habertürk» гезитинин маалыматына ылайык, 17-мартта Түркиянын Измир шаарында түрк жаранынын унаасын белгисиз бирөөлөр аткылап, унаада отурган кыргызстандык кызга ок тийген.

Эге университетинин ооруканасындагы хирургия бөлүмү кызга операция жасалганын, азыр реанимацияда оор абалда жатканын билдирди.

Измир шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, кылмышкерлер изделүүдө.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.