Түркия парламенттик башкаруудан президенттик формасына өттү

639

Кечээ Анкарада Режеп Тайып Эрдоган парламентте ант берип, президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүнө расмий түрдө киришти. Эрдогандын ант берип жатканын чакырылган коноктор туруп угушту.

Ант берүү аземинен кийин Эрдоган «түрк атасы» аталган Мустафа Кемал Ата Түрктун кабырына барып, анда өлкөнү азыркы жол менен өнүктүрүүнү уланта турганын айтты. Бардык тармактарга инвестиция тартылып, макроэкономикалык көрсөткүчтөр көтөрүлүп, Түркия дүйнөдөгү экономикасы чоң 10 өлкөнүн катарына кирет, деп билдирди Эрдоган.

Ал эми инагурация резиденцияда өтүп, ага 5 миңге жакын коноктор катышты. Алардын арасында 21 мамлекеттин башчылары, 28 өлкөнүн премьер-министрлери, депутаттар болду.

Эске салсак, Түркияда 24-июнда өткөн президенттик шайлоодо мурдагы мамлекет башчы Тайип Эрдоган 53% добуш алып, жеңишке жеткен. Аны менен катар өлкөдө парламенттик шайлоо болгон.