Түркия Сириядагы жаңы күрд аскер күчтөрүн жок кыларын билдирди

771

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын колдоосу алдында түзүлгөн коопсуздук күчтөрүн кескин сынга алды. 30 миң кишиден турган топ сирия-түрк чек арасындагы күрд райондорун коргоого алары күтүлүүдө.

Дүйшөмбүдө Анкарадагы митинг учурунда сөз сүйлөгөн Эрдоган түрк бийлиги союздаш деп эсептеген өлкө Түркиянын коопсуздугуна коркунуч жарата турган террордук армия түзүүдө деп билдирди. Эрдоган АКШнын демилгеси менен Сириянын түндүгүндө түзүлгөн бирикмени “түйүлдүк” кезинде жок кыларын эскертти.

Сирия өкмөтү дагы күрд бирикмелерин түзүүнү айыптап, аларды жок кылуу менен бирге болжол менен 2 миң кишиден турган америкалык аскер контингентин өлкөдөн кууп чыгарын айтты.

Дээрлик сегиз жылдан бери Сирияда АКШ жана Түркия аскерлери Асаддын режимине каршы иш жүргүзүп келишкен. Вашинготон күрд аскерлеринен куралган Сириянын демократиялык күчтөрүн колдоп баштагандан кийин тараптардын ортосунда ажырым пайда болгон. Сириянын демократиялык күчтөрү Түркия, Ирак жана Сириянын өзүндөгү күрд калкын коргорун билдирип келет.