Түркияда 17 жаштагы жигит наристенин өмүрүн сактап калды

15599

Түркияда терезеден кулап келаткан кичинекей кызды тосуп алып, өмүрүн сактап калган адамдын видеосу интернетте өтө ылдамдык менен тарап жатат. Окуя Стамбул шаарынын Фатих районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Маалыматтарга караганда, 17 жаштагы жигит терезенин кырына отуруп алып ойноп жаткан бөбөктү көчөдө кетип баратып байкап калган. Кооптуулукту байкагандан кийин кете албай, ошол жерде карап турган.

Кыйкырып наристенин энесин чакырууга аракет кылганы менен ашканада тамак жасап жүргөн аял эч нерсе уккан эмес. Кичинекей кыз терезеден төмөн көздөй кулаганда жигит эки колдоп тосуп алганга жетишкен. Наристенин мурду эле канап кеткени болбосо, башка олуттуу жаракаты болгон эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.