Түркияда 2700дөн ашык мамлекеттик кызматкер иштен бошотулду

677

Түркияда мамлекеттик кызматтарда иштеген дагы 2756 киши террордук топко байланышы бар деген жүйө менен иштен бошотулду.

Өкмөттүн 24-декабрда жарыяланган чечимине ылайык, кызматтан алынгандардын 637си аскердик кызматкерлер, 360ы жандармерия өкүлдөрү, 150дөйү илим жаатында иштегендер, калганы университет кызматкерлери болгон.

Түрк бийлиги 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетин АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлен жана анын кыймылы уюштурду деп ишенет. Гүлен бул дооматтарды четке каккан.

Төңкөрүш аракетинен бери Түркияда Гүлен кыймылына байланышы бар деген шек менен 110 миңден ашуун адам иштен айдалып, 50 миңдейи камакка алынган.