Түркияда көчөдө калган 46 жарандын көйгөйү чечилеби? (видео)

611

Түркияда 3 айлык маянасын ала албай, алданып калдык деген кыргызстандык мигранттар боюнча «Авангард» мейманканасынын администрациясы үн катты. Иш берүүчү ушул аптада алардын баарына айлык акысы жана авиабилеттер берилет, деп убадалоодо. Ага чейин жумушсуз калган кыргызстандыктар мейманкага жайгаштырылат.

Буга чейин Түркиянын Кемер шаарындагы «Авангард ресорт» мейманканасынын жанында тартылган видео интернетте жарыялган. Анда кыргызстандык улан-кыздар бир нече айдан бери айлык акысын жана авиабилет ала албай жаткандарын айтып, маселени чечүүгө элчилик жардам бербей жатат, деп даттанышкан.