Түркияда Кыргызстандын 46 жараны ишсиз, акчасыз көчөдө калды

919

Алар массалык маалымат каражаттары аркылуу жардам сурап кайрылышты. Мекендештерибиздин айтымында, алар бир компания аркылуу жумушка орношушкан. Бирок иш берүүчү алдап, үч ай иштетип туруп, маянаны төлөбөй койгон.

Ал эми ортомчу компания даректерин алмаштырып, телефондорун өчүрүп салган. Эмгек мигранттары Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине кайрылып, бирок жардам ала албай жатканын айтышууда.