Түркияда жүргүнчү учак деңизге кулап кете жаздады

628

Анкарадан Трабзонго учуп келген «Боинг 737-800» учагы 14-январда учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аварияга кабылды. Ал жарга такалып, аз жерден деңизге кулап кете жаздаган.

Pegasus Airlines компаниясына таандык учактын бортунда 168 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү болгон. Эч ким жабыркаган жок, жүргүнчүлөр лайнердин арткы бөлүгүндөгү эшик аркылуу эвакуацияланышты.

Окуянын себептери иликтенүүдө. Авариядан кийин аэропорт бир нече саатка жыбылды.