Түркиядагы көчмөндөр оюндары: Көк-Бөрү тай казансыз өтөт (видео)

6627

Түркияда көчмөндөр оюндарында Көк-Бөрү тай казансыз өтө турган болду. Мындай чечим Эл аралык Көк-Бөрү федерациясынын жыйынында кабыл алынды. Иш-чарада Көк-Бөрүнүн эрежеси талкууланып, тай казан маселеси талаш жараткан.

Кыргызстан тарап оюн кызыктуу болуш үчүн тай казан менен өткөрүү керектигин баса белгиледи. Бирок бул сунушту башка өлкөлөр колдобой, мелдеш көкпар эрежеси менен ойноло турган болду. Бул чечимге нааразы болгон Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын айрым өкүлдөрү Эл аралык федерациядан өзүнчө бөлүнүүгө убакыт келди деген пикирин билдиришүүдө.