Түркиядагы кыргыздар эки өлкөдөн тең пенсия ала баштайт (видео)

1306

Түркияда жашап, иштеп жаткан кыргыз жарандары эми социалдык камсыздоо боюнча Түркиянын жарандары менен бирдей укукка ээ болот. Мындай келишимге президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга барган иш сапарында жетишти. Ага ылайык, кыргыз жарандарына Түркияда иштеген жылдары үчүн пенсия чегерилет. Белгилей кетсек, Түркияда орточо пенсия 350 долларды түзөт. Бирок мындай акча алыш үчүн эс алуудагы адамдын жалпы эмгек стажы 25 жыл болууга тийиш. Анын канча жылы Кыргызстанда, канча жылы Түркияда экени маанилүү эмес. Ошондой эле, бардык документтерин мыйзамдаштырып, эмгек акыны ачыкка чыгаруусу зарыл.