Түркиядагы мейманкада кыргызстандык 3 жаран катуу сабалды

829

Түркияда мейманкада чыккан мушташтан улам, ошол жерде иштеп жүргөн кыргызстандык 3 жаран катуу сабалып, оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө түштү. Окуя кечээ күнү болгон.

Азырынча чыр-чатак эмнеден улам келип чыкканы белгисиз. Алдын-ала маалыматтар боюнча, чыр-чатак Түркиядагы мейманкана кызматкерлеринин ортосунда болгону айтылууда. Видеодо жоон топ балдар бири-бирине жулунуп, бири-бирин токмоктоп жатканын көрүүгө болот.