Түркиядагы мекендешибиз жардамга муктаж! (видео)

753

Түркиянын Анталья шаарында дарыланып жаткан мекендешибиз тез арада жардамга муктаж. Анын бөйрөгүн алмаштырууга 35 миң доллардын тегерегинде акча зарыл болууда. Андан тышкары, бейтаптын күнүмдүк чыгымдарына да каражат жок болуп жатыптыр. Бирок анын бир туугандары эч жерде иштебегендиктен, мындай ири суммадагы акчаны таба албайт. Андыктан алар кайдыгер эмес адамдардан жардам сурап, НТСтин редакциясына кайрылган.