Түркиядан кайтууну каалаган кыргызстандыктар үчүн дагы бир каттам уюштурулат

3630

24-апрелде Стамбул-Бишкек багыты боюнча дагы бир каттам жасалганы турат. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Кыргызстандын жарандарын чыгарып кетүү март айынан бери түзүлгөн тизменин негизинде гана жүргүзүлөт. Биринчи кезекте, улгайып калган адамдар, балдар, аялдар жана ооруган кишилер алынат.

Учурда элчиликтин кызматкерлери Түркиянын жергиликтүү бийликтеринен Кыргызстандын жарандарын ар кайсы шаарларынан Стамбулга алып келүү үчүн уруксат алуу маселесин чечип жатышат.

Өткөн аптада Стамбул-Бишкек каттамы менен 212 жүргүнчү мекенине жеткирилген. Бирок учакта 300 орун болгону, уюштуруу иштери начар жүргөндүктөн көп жарандар Кыргызстанга кайта албай калды деген нааразычылыктар айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.