Түркиядан келген кыргызстандыктын дене табы көтөрүлүп, карантинге жаткырылды

2009

Түркиянын Стамбул шаарынан келген кыргызстандык жарандын дене табы көтөрүлүп, карантинге жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Айтымында, «Манас» аэропортунун медицина кызматкерлери жүргүнчүнү текшерүү учурунда дене табы жогору экендигин байкашып, ал түз эле ооруканага жеткирилген. Анын коронавируска кабылган-кабылбаганын аныктоо үчүн биринчи анализ алынып, жыйынтыгы оору жок экенин көрсөткөн.

Түркия коркунучтуу илдет жайылган өлкөлөрдүн катарына кирбейт, бирок ага карабай бейтап обсервацияга жаткырылган. Ал жакта 14 күндүк карантинде болот. 13-күн өткөндөн кийин ал кайрадан анализ тапшырат. Жарандын учурдагы абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Япония, Корея, Иран жана Кытайдан келген жарандар Кыргызстанда сөзсүз түрдө карантинден өтүшөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.