Түркиянын элчиси муфтият уюштурган ооз ачардан чыгып кетти (видео)

686

Ооз ачуудагы окуя эл аралык жаңжалга айланабы? Түркиянын элчиси Кыргызстандын муфтийине таарынып, чакырылган жерден чыгып кетти. Буга ооз ачууга мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим беруу мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инандынын келгени себеп болгон.

Айрымдар элчи ачууга алдырбай, нааразычылыгын дипломатиялык жол аркылуу билдирсе болмок десе, кээ бири муфтий конокторду чакырууда эрежелерди эске алган жок деп сындашууда.