Түркиянын канайымы үчүн КРнын кайсы аткаминери жазаланат? (видео)

734

Бажы кызматынын мурдагы торагасы Адамкул Жунусов өлкөдөн чыгып кеткен жана ал боюнча материалдар Интерполго берилди. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Эске салсак, Жунусов бажыдагы ири коррупциялык иш боюнча айыпталууда. Өткөн айда аны камакка алуу чечими чыгып, бирок Адамкул Жунусов табылбай койгондуктан, ага издөө жарыяланган болчу. Ошондой эле коопсуздук кенешинин катчысы Дамир Сагынбаев, учурда бир топ кылмыш иштери иликтенип жатканын жана тергөөнүн жүрүшү коомчулукка ачык болорун белгиледи.

Буга кошумча Көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда айрым жетекчилер кетирген каталары үчүн жазалана турганын дагы айтты.