Түркмөн бийлиги мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартат

727

Түркмөн бийлиги мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин санын кыскартат.

“Түркмөнстан хроникасы” жаңы жылдан тарта мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде мунайгаз тармагындагы кызматкерлердин 30% кыскарарын кабарлаган.

Басылманын маалыматы боюнча мектептерде гана штат бирдиги мурдагы бойдон калат. Бирок директорлорго пенсия курагына келгендерди иштен бошотуу тапшырмасы берилген.

Ноябрда суу чарба жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин штаты бираз кыскарганы кабарланган.