Түркмөн президенти үч вице-премьерди кызматтан алды

719

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 11-апрелде дароо үч вице-премьерди алмаштырды. Өлкөдөгү бардык облус жетекчилерине сөгүш жарыяланды.

Бир жылдан бери мунайгаз комплексин жетектеп келген Максат Бабаев жана транспорт тармагын көзөмөлдөгөн Байрам Аннамередов вице-премьерликтен кол жуушту. Соода тармагына жооп берген Оразмырат Гурбанназаров отставкага кетип, Соода-өнөржай палатасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, Бердымухамедов 6-апрелдеги өкмөттүн жыйынында чиновниктердин ишине канааттанбай жатканын айтып, мүчүлүштүктөрдү кыска мөөнөттө жоюуну талап кылган. Бир жума өткөндөн кийин алар жумуштан бошотулду.

Бул арада 11-апрелдеги өкмөт жыйынында өлкө экономикасы өнүгүп, бардык тармактарда жакшы жыйынтыктар болуп жатканы айтылган.