Түркмөн президентинин уулу парламенттик шайлоого катышууда

652

Түркмөнстанда парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин кеминде отузу азыркы депутаттар. Алардын арасында өлкө президентинин уулу Сердар Бердымухамедов дагы бар.

25-мартта өтө турган парламенттик шайлоодогу 125 мандат үчүн 284 киши ат салышууда. Түркмөн президентинин уулу Сердар Бердымухамедовдун атаандашы Кака шаарынын жашоочусу, мектеп мугалими Огулжерен Гурдова экени кабарланууда.

Учурда 36 жаштагы Сердар Бердымухамедов бешинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты, мыйзамдуулук жана межлис нормалары боюнча комитеттин башчысы болуп эсептелет. Соңку кездерде расмий басылмалар аны “эл уулу” деп атап, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгилешүүдө.

Акыркы мезгилде Сердар Бердымухамедов коомдук-саясий иштерге активдүү катышууда.