Түркмөнстанда 300 миллион долларга мейманкана курулат

669

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда заманбап, кымбат мейманканаларды куруу тапшырмасын берди. Мамлекеттик ТДХ маалымат агенттигинин билдиришинче, түркмөн лидери мындай чечимди 9-январда шаарды тик учак менен айланып чыккандан кийин кабыл алган.

Расмий басылма кабарлагандай, жаңы мейманканалардын бири шаардагы эл аралык аэропорттон алыс эмес жерде курулат. Объект 6,9 гектар жерде жайгашып, 90 номурлуу 9 кабаттан турат. Мындан тышкары соода борбору, ресторан жана маараке өткөрүү залдары, иш бөлмөлөрү болот. Бердымухамедовдун сунушу менен мейманкана “Каракум” деп аталат.

Экинчи мейманкана Иран менен чектеш Копетдаг тоо кыркаларынын этегинде жайгашат. Бул объектилердин наркы тууралуу расмий маалыматтар бериле элек. Ким тарабынан жана качан курулары дагы айтылган жок.