Түркмөнстанда аткаминер «бийликке каршы чакырык жасоого» айыпталып кармалды

718

Түркмөнстандын Дашөгүз облустук билим берүү башкармалыгынын аткаминери бала бакча акыларынын жогорулашына каршы жарандардын жөө жүрүшүнө катышкандан кийин кармалды.

Өткөн жумада ондогон аялдын катышуусунда Дашөгүз облустук билим берүү башкармалыгынын алдында акция өткөндүгү кабарланган. Анда анын катышуучуларынын алдына башкармалыктын өкүлү чыгып, аларды акимчиликке даттануу кеңешин берген. Андан соң чогулгандар Дашөгүз шаардык акимчилигин көздөй жөнөшкөн.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, бул акциядан кийин аткаминер менен анын үй-бүлөсү учурдагы бийликке каршы көтөрүлүүгө чакырык жасады деп айыпталган. Бала бакчалардын биринде иштеген жубайы менен жергиликтүү мектепте чарба башчысы болуп эмгектенген уулу жумуштан алынган.

Басылманын булактары кабарлашкандай, акция өткөн 10-октябрь кечинде аткаминердин үйүнө полиция кызматкерлери барып, аны кармап кетишкен. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта. Алгач аткаминерге кандай айыптар тагылып жатканын уккан мамлекеттик адвокат анын укуктарын коргоодон баш тарткан. Кийин үй-бүлө тарабынан жалданган адвокаттын аткаминер менен жолугушуусуна уруксат берилбей жатканы айтылууда.

«Ал мамлекетке каршы нааразылык акцияларына чыгууга жана элдин турмушун жакшыртуу боюнча президенттин тилектерине жек көрүүчүлүк менен мамиле кылууга чакырык жасаган деп айыпталууда», — деди облустук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин бири.