Түркмөнстанда автобус кырсыгынан кеминде 17 киши каза болду

751

Түркмөнстанда автобус кырсыгынан кеминде 17 киши каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы полициядагы булактарына шилтеме кылып билдирди. Азырынча жараат алгандардын так саны белгисиз.

Маалыматка караганда, окуя Ашхабаддан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Чулинск капчыгайында болуп, автобус жол жээгине оодарылып кеткен.

Жол полициясынын кызматкерлери кырсыкка автобустагы ашыкча салмак жана аба ырайы себеп болгонун билдиришүүдө. Ал күнү аймакта жаан жааган.

Чулинс капчыгайында негизинен мамлекеттик мекемелерге таандык ден соолукту чыңдоо борборлору жана балдар лагерлери жайгашкан. Жылдын бул мезгилинде ал жакка түрдүү мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле аз сандагы альпинисттик жана туристтик топтор барышат.

Бийлик менен расмий ММКлар адаттагыдай эле жол кырсыгы жана адам өлүмү тууралуу бул маалыматтарды беришкен жок.