Түркмөнстанда белгисиз вирустан үй канаттуулары кырылууда

1632

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда белгисиз вирустан улам үй канаттуулары кырылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

«Өлгөн тооктордун эти көмүрдөй капкара болуп калууда. Бирөөсү өлөрү менен айылдагы бардык үй канаттуулары кырылууда. Жергиликтүү мал доктурлар сайып жаткан дарылар эч кандай таасир эткен жок», — деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Андан тышкары аймакта күйдүргүдөн мал жандыктары өлгөн учурлар катталып жатканы айтылууда. Бирок булар тууралуу расмий маалымат булактарында эч кандай билдирүү жок.

Акыркы жылдары өлкөдө белгисиз жугуштуу илдеттен мал жандыктары менен канаттуулар кырылгандыгы тууралуу бир канча жолу кабарланган. Акыркы жолу мындай учур өткөн жылы декабрда, Дашөгүз облусунун бир нече районунда катталып, ондогон мал жандык өлгөн.