Түркмөнстанда эткээл талапкерлер аким болуу укугунан ажырашты

763

Түркмөнстан президентинин Балкан облусундагы иш сапары учурунда аймакка жаңы жетекчилер дайындалат деп күтүлүүдө. Талапкерлер медициналык текшерүүдөн өтүшүүдө. Алардын эткээлдери дароо тизмеден чийилет.

Январдын башында түркмөн президенти республика боюнча ондогон аким жана орун басарларды алмаштырган. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы кабарлагандай, бүгүн Балкан облусу боюнча акимдер жана алардын орун басарлары тандалат.

“Талапкерлердин арасында менин тууганым дагы бар. Эң кызыгы, баарын медициналык текшерүүдөн өткөрүштү, саламаттыктын негизги көрсөткүчү салмак болду. Башкача айтканда толуктарды дароо тизмеден чийип салышты”, — деди ал.

Өз булактын айтымында, сулуулар сынагынын тариптерине жараша өткөн тандоого байланыштуу анын тууганы көп убакыт диета кармаган.

Сулуулар сынагынын принциптери азыр иштеп жаткан аткаминерлерге дагы колдонулат.