Түркмөнстанда коррупцияга айыпталып укук коргоо кызматкерлери камалды

695

Түркмөнстанда коррупцияга айыпталып жогорку кызматтагы аткаминерлер, анын ичинде Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү камакка алынышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, андан тышкары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Дашөгүз облусунда пара талап кылуу жана маңзат саткандарды калкалоо айыбы менен атайын кызматтын бир нече офицерин кармады. Ошондой эле жемкорлукка айыпталып Ашхабадда райондук салык инспекциясынын башчысы менен бир нече кызматкери камакка алынды.

Былтыр октябрдын аягында президент Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңештин жыйынында мамлекеттик аппараттагы жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүнү талап кылган. Андан мурдагы күнү бир нече сот кызматкери менен прокурор пара талап кылуу айыбы менен жумуштан айдалып, камакка алынган.