Түркмөнстанда сел бир нече ооганстандык кишинин сөөгүн агызып келди

717

Түркмөнстандын бардык аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, Мургап дарыясында суу жээктен ашты. Мары облусунда сел жүрдү.

Тахтабазар районунун Марчак айлынын тургундары сел болорун алдын ала билишкенин айтышты. Алар эң керектүү буюм-тайымдарын алып, кыштактын дөңсөө жерине чыгышып, аман калышкан. Мал жандыктарын, турак-жайларын сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

“Селдин агымы ушундай катуу болгондуктан, айылды бүт каптап кетти. Сел бүткөндөн кийин баткактардын арасынан Ооганстандын сегиз жашоочусунун денеси табылды. Алардын сөөгүн дөңгө алып барып көмүштү», — деди Мары облусунун жашоочусу.

Серхетабат районунун Чеменебит совхозун да суу каптап, жашоочулар турак-жайсыз калышты. “Селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам иретинде бирден синтетикалык матрас жана жаздык гана берилди”, -деди Чеменебит айлынын тургуну.

Айрым маалыматтар боюнча жергиликтүү аткаминерлер жабыркагандарга жардам берүү үчүн бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен акча чогултушууда.