Түркмөнстанда селден ондогон адам мерт болду

891

Августтун ортосунда Түркмөнстандын Ахал жана Балкан облустарынын айрым райондору селден жабыркады. Күбөлөр табият кырсыгынан ондогон адам каза болгонун билдиришүүдө.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын бир нече булагы ырастаган маалыматтарга караганда, аймактагы селдерден улам 30га жакын киши мерт болгон. Андан тышкары миңдеген үй жандыктары өлүп, электр линиялары менен газ түтүктөрү жарактан чыкканы кабарланууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, селден кийин жаратылыш кырсыгынан жабыркаган аймактарга жергиликтүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери жөнөтүлгөн.