Түркстанда окуучулар жоолуктарын чече башташты

736

Түркстан облусунун Фирдауси айылында жоолук салынганы үчүн мектепке киргизилбеген окуучу кыздар баш кийимдерин чече башташты.

5-сентябрда алар ата-энелери менен бирге окуу жайдын алдына чогулушуп, мектепке киргизүүнү талап кылышкан.

Полиция аларды үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырган. Ата-энелер башталгыч класстын окуучулары жоолуктарын чечсе боло турганын, бирок жогорку класстагылар үчүн бул мүмкүн эмес экенин билдиришкен.

Мектептин директору Жанар Мамырова ата-энелер менен жолуккан жок, бирок “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы менен маектешти. Анын айтымында, 2017-жылы мектеп администрациясы 17 жолу жыйналыш өткөрүп, ата-энелерге окуу жайдын саясатын түшүндүргөн.

5-сентябрда жолук салынганы үчүн мектепке киргизилбеген үч мугалим да иштен кетүү тууралуу арыз жазган. Бул маалыматты мектептин директору тастыктады. Ал арыздар боюнча али чечим кабыл алына электигин айтты. Мугалимдер буга чейин деле мектепке жоолук салынып келип жүрүшкөнүн, тоскоолдук болбогонун билдиришти.

Директордун айтымында, мектепте 372 кыз бар, алардын 203ү – жогорку класстарда, 169у – башталгыч класстарда билим алат. Учурда башталгыч класс окуучуларынын баары жана жогорку класста окуган 80дей кыз жоолугун чечти.