Түрмө кайтарган жоокерди ток уруп каза болду (видео)

6511

Чүй областындагы абакта 20 жаштагы жоокердин каза болушу боюнча Аскер прокуратурасы иликтөөсүн баштады. Кайгылуу окуя 4-ноябрда болгон. Аскер кызматкери лампочканы алмаштырууга аракет кылганда аны ток уруп, эс учун жоготуп жыгылганы айтылууда.

Ага медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен, өзүнө келбей каза болгон. Жоокер Чүй областындагы Новопокровка айылындагы катуу тартиптеги №3-түзөтүү колониясында 4-батальондо аскердик милдетин өтөп жүргөн. Бир жумадан кийин кызмат өтөө мөөнөтү аяктамак экен.